Бала бакчада балаты өткөрүлдү

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын Жаны Тилек балдар бакчасында жаңы жылдык балаты майрамы өткорүлдү.Майрамды бала бакчанын тарбыячылары менен ата-энелер биргеликте өткорүштү.

Бала бакчанын жетекчиси Эркингүл Керимбаева:

«Жылдагыдай эле салтка айланган жаңы жылдык кече.Бакчада үч тайпа бар.Балдардын бүгүнкү күнгөгө чейинки үйрөнгөндөрүн ырларын айттырып, ырдатып, салтанаттуу кече өткөрдүк. Баардыгынын маанайлары жакшы».

 

» Бүгүнкү жаңы жылдык  майрам эн сонун жогору деңгээлде отту.Балдардын кубанычында чек жок.Баардыгы жарашыктуу  кийинишип,үйрөнгөн ырларын  айтып,ырдап,бийлеп беришти. Бул жерде иштеген тарбиячыларга рахмат балдарды абдан жакшы даярдашыптыр»-деп Жазгүл Чүйтүева.

«Мен эй балаты деген ырды ырдадым.Елка жакшы болду. Аяз атадан белек алдым»-деди кичнекей Азамат.

Балаты майрамынын соңунда ата-энелер балдарга даярдаган белектер берилди.

Даярдаган: Сейил Садыркулова

«Кара-Чий» мультимедиа борбору

Нарын району

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *