Айылдык бала-бакчада күз майрамы болуп өттү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Шералы Султаналиев атындагы бала бакчада   «Берекелүү күз» аттуу концерт болду. Ал концертти  1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер менен биргеликте өткөзүштү.

Бул тууралуу бала бакчанын директору Эркингүл Керимбаева буларга токтолду:

«Бул саамалык өтө жогорку деңгээлде болду деп ойлойм. Балдар дагы абдан кызыгуу менен ойношту. Ата-энелер көрүп, катышып да кетишти . Бардыгына чоң рахмат. Биздин күз майрамынын уюштурганыбыздын максаты балдардын ой жүгүртүүсүнүн жакшыртышына, жана алардын таланттуу, чыгармачыл болуп өсүшүнө дагы жардам берет деген ойдобуз.» 

Ушундай кичинекей балдарды мээримин төгүп тарбиялап жаткан бала бакча тарбиячыларына ыраазымын дейт небересин коштоп келген Буудайкан Мамбеталиева.

» Биз күз майрамына катышуу менен чоң кубанычта болдук. Балдар музыканын коштоосунда ырдап, бийлеп,  эркин сүйлөп жакшынакай чакан концерт коюп беришти. Бул бала тарбиялоо деген оңой иш эмес, ошондуктан бардык тарбиячыларга чоң рахмат.»

» Мен күз майрамында ырдадым, бийледим жана дагы эжем үйрөткөн ырды айтып бердим. Мени апам, атам көргөнү келишти.» -дейт  концертке катышкан 5 жаштагы Раяна.

Белгилей кетсек Шералы Султаналиев атындагы бала бакчанын курулушу «АРИС» уюму тарабынан каржыланып 2018-жылдын 20-январынан тарта ишке берилген.

Даярдаган: Шаршенбек Акматов

«Кара-Чий» жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *