Кызыл-Жылдыз айылына Нарын районунун борбордук ооруканасынан атайын көчмө бригада келип тургундарды медициналык кароодон өткөрдү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы №3 ҮДТ бөлүмүндө Нарын районунун борбордук ооруканасынан атайын көчмө бригада келип айыл тургандарын бекер ден-соолуктарын текшерип, кароодон өткөрүштү.

Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мулбтимедиа борборуна айылдык медайым Упагүл Жаныбекова билдирди.

“ Бизге Нарын районунун борбордук ооруканасынын башкы директору Сияпат Сырдыбаеванын жетекчилиги астындагы көчмө бригада келип 5 жашка чейинки өспүрүмдөрдү, каттоодогу адамарды, жалпы эле айыл тургундарынын  ден-соолуктарын кароодон өткөрүштү. Ушундай көчмө бригадалар уюштурулуп, жылына бир жолу айыл тургундарын ден-соолуктарын бекер кароодон өткөрүп турсак жакшы болмок.”

Нарын райондук борбордук ооруканасынан түзүлгөн атайын көчмө бригада райондогу ар бир айылды кыдырып, калктын ден-соолугун бекер кароодон өткөрүп жатышат.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков

Кара-Чий жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *