Нарын шаарында өткөн областтык спартакиадага Кызыл-Жылдыз айылынын окуучулары катышып келишти

Нарын шаарында 20-апрелде өткөн областтык деңгээлдеги спартакиадага Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев мектебинин окуучулары катышып, ийгилик жаратып келишти.

Бул тууралуу дене тарбия мугалими Тынчтык Жумакадыров буларга токтолду:

“ Биз обдасттык деңгээлге волейбол, күрөш, жеңил атлетка, бокс боюнча балдарды алып барганбыз. Ал жакта атаандаштык аябай күчтүү болду. Ошентип бокстан, эркин күрөштөн жана эстафетадан 2-орунду алып келишти. Мен окуучуларыма ыраазымын”.

Жана ошондой эле чуркоонун эстафета түрүнө  барган Элмурас Кутманов өз оюн айтты:

“ Мен эстафетага тандалып алынып областтык деңгээлге баргам. Ал жактан биздин команда 2-орунду алышты. Буюрса республикалык деңгээлге тандалып алынабыз деген ойдомун”.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков

“Кара-Чий” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *